Иса Өмүркулов Социал-демократиялык партиясынын чечимин тааныбайт

884

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын чечимин тааныбайт. Эл өкүлү аны партиядан кетирүү чечимин легитимсиз деп атады. КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгарган. Буга депутаттын партиянын максаттарына жана уставына каршы иштерди кылганы себеп болгону айтылган.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Иса Өмүркулов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын мүчөлөрүн кабыл алган. Депутаттын мындай кадамы партиянын жетекчилигинин нааразычылыгын жараткан көрүнөт.

КСДП буга чейин-Кожобек Рыспаевди партиянын катарынан чыгарып, аны фракциядан да кетирүү боюнча парламенттеги депутаттарына сунуш жөнөткөн. Бирок эл өкүлдөрү колдобой койгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.