Иш берүүчүлөр салыктан кутулуу үчүн кандай амалга барышат? (видео)

745

Кыргызстанда жумушчулардын укуктары толугу менен корголуп жатабы? Бул суроого жооп издөө үчүн эксперттер атайын изилдөө жүргүзүп, ишке жарамдуу калктын 72 пайызы — көмүскөдөгү экономикага иштеп жатканы маалым болгон. Бизнести өнүктүрүү үчүн кабыл алынган патенттик салык системасы дагы ишканаларды көмүскөдөн чыгара алган эмес.

Андыктан тармакты реформалоо мезгил талабы болууда. Бул үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы бышып-жетилди. Адистер бул тармактагы көйгөйлөрдү талкуулап, маселени чечүүнүн жолдорун издешти. Бул дискуссиянын жыйынтыгы менен, өлкөнүн өнүгүү стратегиясына сунуштар берилмекчи.