Иш козголгон депутат мандатынан ажыратылды (видео)

2430

Октябрь окуяларынын келип чыгышына себепкер деп эсептелген эки партиянын тең лидерлери бүгүнтөн баштап Жогорку Кеңештин депутаты эмес. Бирөө кылмышка шектелсе, экинчисине кызмат берилди. «Мыйзамсыз баюуга» күнөөлөнүп жаткан Марат Аманкулов депутаттык мандатынан баш тартуу тууралуу арызын жазган. Аны Борбордук шайлоо комиссиясы карап чыгып, канааттандырды.

Бүгүнкү жыйында дагы бир депутаттын ыйгарым укуктары токтотулду. Мирлан Бакиров мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунунун төрагасы болуп дайындалгандыктан, мандатын өткөрүп берди. Бирок «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидеринин бул кызматка дайындалышы учурда кызуу талкууланууда. Ал жакында эле бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым