Иш-сапарга миллиондорду короткон аткаминерлер (видео)

722

Аткаминерлер иш-сапарларга ашыкча каражат жумшап жатышабы? «Ачык бюджет» порталынын маалыматына ылайык, бир катар министрликтердин командировкаларга короткон чыгымдары 2016-жылга салыштырмалуу кыйла көп. Билим берүү жана илим министрлигинин чыгымы баарынан жогору: 46 миллион сомдон ашат. Бул 2016-жылга салыштырмалуу дээрлик 8 миллионго көп. Экинчи орунда — Тышкы иштер министирлиги, ал эми андан кийинки орунда — Айыл-чарба министрлиги турат.