Иш учурунда жакалашкан чоң муштум айдоочулар (видео)

3514

Бишкекте бири-биринен жол талашып, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан 199-маршруттук такси менен 2-троллейбустун айдоочуларына катуу сөгүш жарыяланды. Чечим Транспорт башкармалыгы тарабынан кабыл алынды. Жеке фирма менен троллейбус башкармалыгынын жетекчилерине болсо эскертүү берилди.

Ош базарынын жанындагы аялдамага токтоо үчүн коомдук транспорттун айдоочулары жол талашып, жакалаша кетишкен. Бул окуяга күбө болгондор жүргүнчү ташып иштегендердин тейлөө маданиятын, жүрүм-турумун сынга алышууда. Акыркы учурда мындай көрүнүштөр көп катталып жатат. Коомдук унаага жол кире акысы көтөрүлдү, эми айдоочуларына талап күчөтүлөбү?