Ишембиликке мажбурлап чыгаруу – мыйзамдуубу? (видео)

1022

Айрым ишкерлер муниципалитет бизнесмендерди мажбурлап ишембиликке чыгарып жатканын айтып нааразы. Эгер алар мекемесинин тегерек четин тазалабаса, айыпка жыгылат деген коркутуулар болуп жатат дешет. Алсак, Бишкектеги Свердлов районун акими жөнөткөн эскертүүдө 21-апрель күнү ишкерлер ишембиликке чыгып, тазалаган аймагын жана ага тартылган кызматкерлердин санын сүрөткө түшүрүп, отчет бериши керектиги көрсөтүлгөн. Айрым бизнесмендер бул канчалык мыйзамдуу деген суроо узатышууда. Мэриянын аткаминерлери мындай эскертүүлөр жөнөтүлүп жатканын четке кагышпайт. Алардын айтымында, ар бир уюм тегерек четин иретке келтирүүгө милдеттүү.