Ишке ашпай, кагаз түрүндө гана калган стратегиялар (видео)

568

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана ишке ашыруунун тартибин бекиткен мыйзам долбоору сунушталууда. Демилгечилердин айтымында, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта бир топ стратегиялык документтер иштелип чыгып, бирок алардын дээрлик көпчүлүгү кагаз бетинде гана калган.

Буга маанилүү мамлекеттик документтерди иштеп чыгууда аларга атайын статус берилбегени жана ал долбоорлорду кабыл алуунун так тартиби көрсөтүлбөгөнү себеп болгон. Ар бир жаңы келген өкмөт өзүнүн программасын сунуштап, ал эми мурдагы пландарды улантып кетүү болгон эмес, дешет демилгечилер. Кыргызстанда канча стратегия жана концепция кабыл алынган жана алардын тагдыры кандай?