Ишкер бизнесин коргоп берүүнү суранууда (видео)

2033

«Вефа» соода борборунун ээлери бизнесин коргоп берүү өтүнүчү менен өлкө башчысына кайрылышты. Айтымдарында, Түркия тарап эки жылдан бери аталган борбор Кыргызстан ишкерлерине мыйзамдуу сатылгандыгы тууралуу чечимди жокко чыгарууга аракет жасоодо.

Алар компаниянын мурдагы негиздөөчүлөрү, тагыраагы, «Вефанын» эски кожоюндары Түркияда болгон ыңкылапка катыштыгы бар деп айыпталып, мүлктөрү мамлекеттин пайдасына конфискацияланганын жүйөө келтиришкен. Биринчи жана экинчи инстанциянын соттору соода жай кыргызстандык ишкерлерге таандык деген чечим чыгарган. Буга карабастан иш кайрадан Жогорку сотто каралганы жатат.