Ишкерчиликти өнүктүрүүдө кандай тоскоолдуктар бар? (видео)

621

Ишкерчилик чөйрөсүндөгү көйгөй-маселелерди жана аларды чечүү жолдорун, ошондой эле аталган тармакты өнүктүрүүнүн жол-жоболорун талкуулаган аянтча. Кийинки аптанын башында өлкөнү туруктуу өнүктүрүү Улуттук кеңешинин алдында түзүлгөн ишкерликти өнүктүрүү комитетинин биринчи отуруму өтөт.

Анда ата мекендин бизнесмендери бир топ көйгөйлөрдү ачык айтабыз деп даярданышууда. Айтымдарында, салык системасындагы туруксуздук, сот тутумундагы акыйкатсыздык жана тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүл кош мамилеси бир топ ишкерлердин кендирин кесүүдө. Ишкерликти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында эмне маселелер талкууланат?