Ишкердин унаасына маңзат таштаган 2 милиция кызматкери кармалды

661

Ишкердин унаасына 32 грамм маңзат таштап коюп, кайра аны колго түшүргөн эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан биллдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар ишкердин мурдагы жубайы менен сүйлөшүп алып, анын бизнесин рейдерлик жол менен тартып алуу үчүн ага карата куугунтук уюштурушкан.

Окуя быйыл февраль айында болгон. Кармалган милиция кызматкерлери Ички иштер министрлигинин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери экени аныкталды. Экөө тең №1-тергөө абагына камалды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.