Ишкерлер чөйрөсүнө кысым көбөйүп жатабы? (видео)

1391

Кыргызстанда ишкерлер чөйрөсүнө укук коргоо, фискалдык жана башка органдар тарабынан кысым көбөйүп бара жатат. Мындай тынчсыздануусун өлкөнүн бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит билдирип чыкты. Айтымында, акыркы айларда ишкерлердин бир тобу сызга отурса, бир канчасы кызматкерлерине айлык төлөй албай жатат.

Ал арада мамлекеттик органдардын кыр көрсөтүүсү абалды ого бетер оорлотуп жатыптыр. Саясий талдоочулар бизнес-омбудсмендин айткандарын өтө олуттуу кабыл алуу зарыл дешет. Себеби бул биринчи кезекте тышкы инвесторлорго сигнал болушу ыктымал.