Ишкерлер доллар таппай кыйналып жатышат (видео)

3301

Айрым банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда сатып алууга доллар жок болууда. Анын айынан ишкерлер сырттан товар алуу үчүн акча которо албай жатышат. Бул тууралуу өлкөдөгү соода тармагынын кесиптик кошуунунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева билдирди.

Айтымында, Кытай жана Түркиядан товарды доллар менен гана сатып алууга болот. Бирок соодагерлер чет элдик валюта керек маалда акча алмаштыруучу жайлардан таппай калышууда. АКШ доллары бүгүн 107 сомдон сатылды. Айрым жайларда доллар жок деп көрсөтүлгөн.