Ишкерлер менен инвесторлорду жолуктурган аянтча (видео)

1879

Бизнесин өнүктүрүүнү каалаган ишкерлер менен инвесторлорду жолуктурган аянтча. Бишкекте эл аралык инвестициялык форум уюштурулду. Анда жалпысынан жергиликтүү ишкерлер 160 долбоорун сунушташты. Алардын көбү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, экспорттук товарларды өндүрүү, тейлөө, курулуш тармактарына багытталган. Катышуучулардын арасында өзгөчө долбоорлорду сунуштагандар дагы бар. Бизнес-долбоорлор 20 миң доллардан 1 миллион долларга чейинки инвестицияларга муктаж. Уюштуруучулар бул жолу 6-7 миллион долларлык келишимдерге кол коюлаарын күтүшүүдө.