Ишкерлер: Салыктык эмес жыйымдарды төмөндөтүү керек (видео)

838

Инвесторлорду тартуу үчүн салыктык эмес жыйымдарды төмөндөтүү керек. Мындай пикирлерин ишкерлер айтышууда. Алар өкмөттөн Социалдык фонд үчүн чогултулган каражаттын пайызын азайтууну суранышууда. Себеби көпчүлүк инвесторлор үчүн анын пайызынын жогору болушу пайдасыз. Эксперттердин пикиринде, өлкөдөгү көпчүлүк жумуш берүүчүлөр айлыктын жарымын мыйзам чегинде ачык которсо, калганын көмүскө берүүгө аргасыз. Себеби Социалдык фонд үчүн чогултулган каражаттын көлөмү жогору. Мындан улам алар эл аралык тажрыйбаны колдонуп, жарандарды өз каалоосу менен акча которууга үйрөтүү керектигин айтышууда.