Ишкерлерди текшерүү кайрадан күчөйбү? (видео)

668

Эми ишкерлер эч кандай эскертүүсү жок эле текшерилиши мүмкүн. Өкмөттүн алдындагы өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети менен Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспециясы биргеликте мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Алар мындай кадамга барууга өлкөдөгү ири базарларда болгон өрттөр себеп болгонун айтышууда.

Өз кезегинде бул демилге ишкерлер коомчулугунун нааразычлыгын жаратууда. Алар өкмөт мындай кадамы менен акырындап азайып келе жаткан жемкорлукту кайрадан күчөтүшү мүмкүн деп чоочулашууда.