Ишкерлерди текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизилди (видео)

856

Жаңы жылдан тарта ишкерлерди текшерүүгө тыюу салынат. Өкмөттүн тиешелүү токтомуна коюлуп, ал документ 2021-жылдын 1-январына чейин иштейт. Ага ылайык, негизги текшерүүчү орган болгон 10 мамлекеттик мекеме өз билемдик менен бизнесмендерди текшере алышпайт. Бул милдетти аткаруу бир гана салык кызматына калтырылды.

Ал арада, айрым ишкерлер токтомдо көрсөтүлгөн айрым пунктар менен макул эмес болсо, кээ бирлери мындай кадам чыгарылган өндүрүмдөр менен кызмат көрсөтүүнүн сапатын начарлатат деп чочулашууда.