Ишкерлердин көйгөйлөрү талкууга алынды (видео)

822

Салыктык текшерүүлөр көбөйдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сагынбек Абдылдаев айтты. Текшерүүлөрдүн былтыркыга салыштырмалуу канча пайызга өскөнү тууралуу мекеменин так маалыматы жок экен. Бирок мунун баары негиздүү болуп жатат, деп жетекчилик ишендирүүдө.

Мындай текшерүүлөрдөн улам жалгыз гана бизнес-коомчулук эмес, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин иши да аксап жатат, дешет ишкерлер. Андыктан бул маселени жөнгө салуу боюнча сунуштар айтылды. Финполиция менен бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнүн кеңири диалогу суроо-жооп форматында өттү.