Ишкерликке жол ачкан ийримдер (видео)

2644

Борбор Азия университетинин профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин окуучусу Амина Орозбекова менталдык арифметика боюнча Дубайда өткөн мелдеште биринчи орунду багындырды.

Олимпиадага дүйнөнүн ар бурчунан 700дөн ашуун бала катышкан. 11 жаштагы Амина менталдык арифметиканы 1 жылга жетпеген убакытта эле өздөштүрүп алган. Бул мектеп 6 дан 60 жашка чейинкилерге ар кандай программаларды сунуштайт. Алардын арасында окуу жайдан билим алып, бизнесин ийгиликтүү алып кеткен элеттиктер да бар.