Ишкерликти жөнгө салган кодекс кабыл алынышы мүмкүн (видео)

669

Эми Кыргызстанда ишкерликти жөнгө салган жаңы кодекс кабыл алынышы мүмкүн. Учурда бизнес коомчулугу жаңы документти даярдай баштады. Алардын айтымында, бул документ ишкерлерди колдоого жана аларды мамлекеттик органдардын негизсиз текшерүүсүнөн коргоого багытталган.

Андан тышкары, мындай кодекс инвестиция тартууга жол ачмак, дешет ишкерлер. Учурда документти даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлүп, алар иштеп башташыптыр. Демилгечилер ишкерлик жөнүндөгү же инвестициялык кодекс эки айдын ичинде даяр болот дешет.