Ишкерликтин өнүгүүсүнө эмне тоскоол болуп жатат? (видео)

800

Энергетиктердин эсептөөлөрү боюнча 2021-2023-жылдары электр энергиясынын таңсыктыгы 300 мегаваттка жетиши ыктымал. Мындай божомолдор өнөр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиясында айтылды. Жыйында энертегика, тоо-кен жана өндүрүш тармагындагы көйгөйлөр ортого салынды. Жеке бизнестин өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган себептер көп. Ал эми мамлекеттик мекемелердин ишин мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам артка тартып жатыптыр. Анын айынан өлкөгө салыктан өтө аз киреше түшүп жатат, дешет адистер. Тоо-кен тармагына болсо инвесторлор дээрлик келбей калышыптыр. Себеби аткаминерлердин бут тосууларына туруштук бере алышпайт экен. Андыктан биринчи вице-премьер-министр тармактын ишмердүүлүгүн тартипке келтирүүгө укук коргоо органдарын тартууну убада кылды.