Ишсиз калган Финполдун кызматкерлерине кенемте төлөнөбү? (видео)

2077

Финполициясы жоюлгандан кийин ишсиз калган 400дөй адамдын маселесин чечүү үчүн комиссия түзүлдү. 36 адамдан турган «жоюу комиссиясы» аларды иштен бошотуу, тийиштүү кенемте төлөп берүү, кайра окутуу иштерин жүргүзөт. Ошондой эле комиссия мекеменин мүлкүн жана тергеп жаткан жазык иштерин өткөрүп берүү менен да алектенет.

Маалыматтарга караганда, мурдагы экономикалык кылмыштарга каршы курош кызматында учурда 100гө чукул кылмыш иши бар. Алар эми Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилип, башкы көзөмөл органы аларды андан ары тиешелүү мекемелерге тергөө үчүн жөнөтөт. Ошол эле учурда Жазык кодексине ылайык, айрым кылмыш иштерин Финполициядан башка күч структурасы тергей албай турганы да белгилүү болду.