Иштамбердини иштеткен компания айып төлөөгө милдеттендирилди

786

Иштамберди алтын кенин иштеткен чет элдик компания 10 пункттан турган эскертмени аткарып, 210 миң сом айып төлөгөндөн кийин гана иштегенге уруксат берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциядан билдиришти.

Эске салсак, өткөн аптада Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун 300дөй тургуну Иштамберди кенин иштетүүгө каршы митингге чыгышкан. Нааразы тарап кытайлык инвесторлорго таандык фирманы мыйзамсыз иштеп жатканын айтып, экологиялык зыяндын деңгээлин текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, уулуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан болчу.

Митингге чыккан жергиликтүү тургундар менен өкмөттүн өкүлдөрү да жолугушуп, компаниянын иши тыкыр иликтөөгө алынарын айтышкан болчу. Ошондой эле, нааразылык акциясына чыккан 18 адам тартип сакчылары тарабынан кармалып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин коё берилген.