Иштеп, айлык алган пенсионерлерге пенсия берилбеш керектиги айтылууда

890

Кыргызстанда 40 миң пенсионер иштейт, алардын 90% мамлекеттик кызматта. Бул тууралуу социалдык фонддун жетекчиси Медербек Ирсалиев билдирди. Анын айтымында мындай адамдар пенсиясын дагы, маянасын дагы алат.

Бирок депутаттар иштеген пенсионерлердин бир каржы булагын кыскартуу керек дешет. Антпесе улуу муундун өкүлдөрү жаштарга орун бошотпой жатышат.

Андан тышкары 35 жашында пенсияга чыгып алып иштеп жүргөндөр бар, дейт эл өкүлдөрү. Бирок депутаттар Кыргызстанда пенсия менен маяна аз экенин унутуп калса керек.

Учурда өлкөдө 648 миң пенсионер бар, аларга жыл сайын 50 миллиард сом төлөнүп берилет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.