Иске ууланган бир туугандардын абалы оор (видео)

1005

Бишкектин жанындагы «Келечек» жаңы конушунда үй өрттөнүп, иске ууланган бир туугандардын абалы оор бойдон калууда. Дарыгерлердин айтымында, балдар өз алдынча дем алып, бирок эсине келе албай жатышат. Медициналык кызматкерлер бөбөктөрдүн өмүрүн сактап калуу үчүн баардык аракетин көрүүдө. Турак жайы толугу менен өрттөнүп кеткен үй-бүлө азыр материалдык колдоого муктаж.

Укук коргоочулар балдарга кийим-кече, жалаяк жана башка жардам зарыл экенин айтып коомчулукка кайрылышты. Кош бойлуу келин үч баласын сыртынан камап, өзү дарыгерге көрүнгөнү кеткенде үйдө өрт чыгып, чүрпөлөрү катуу ууланып калган. Балдардын улуусу 4, ортончусу 3, кичүүсү 1,5 жашта.