Ислам мамлекетин орнотуу демилгеси талкууланды (видео)

4194

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов ИГИЛ террористтик уюму менен байланышы бар экенин четке какты. Интернетке тараган аудио тасма боюнча ал УКМКга жана Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылды. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана бир катар диний топтордун өкүлдөрүнүн чогулушунда жазылган тасма тараган.

Анда диний жаатта өзүнчө конституция жазып, аны учурдан пайдаланып кабыл алдыруу аракетин көрүү керек деген сөздөр жүрүп жатканын угууга болот. Дин кызматкерлери өлкөгө халифат орнотуу аракетин көрүп, тымызын иштерди жасап жатышабы?