Итке калпак кийгизгендер жазаланабы? (видео)

1077

Итке калпак кийгизип, эл алдына чыккандар жазаланабы? Эки күндөн бери чуу жаратып жаткан окуяны эми милиция иликтемей болду. Териштирүүнү Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү жүргүзө баштады. Анын жыйынтыгы менен кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныкталса, тийиштүү тараптар жазага тартылышы мүмкүн. Эске салсак, 22-декабрда өткөн иттердин мода көргөзмөсүндө ак калпакчан жаныбар катышкан. Ошондой эле, итке улуттук чыптама да кийгизилген. Мунун баары тартылып алынган сүрөт интернетке таркаган соң, коомчулук тарабынан нараазычылыктар күчөдү. Айрымдары уюштуруучуларды жоопко тартууну талап кылышты. Деген менен, мыйзамда улуттук баш кийим — мамлекеттик символ катары коргоого алынган эмес.