Июнь айында бензиндин баасынын өсүшү уланат (видео)

893

Бул тууралуу мунай зат сатуучулар ассоциациясы билдирди. Кымбаттоонун себептери мурдагыдай эле — күйүүчү майдын наркы Россияда дагы жогорулап жатышы. Ошондой эле, дүйнөлүк базарларда дагы нефтинин баасы өсүп жатканы. Ал арада, кыргызстандык айдоочулар кымбаттоого каршы күрөшкө камынып жатышат. Интернеттеги социалдык тармактарда май күйүүчү ири станцияларга бир нече күндүк бойкот жарыялоого чакырык ташташууда. Мындай уюшкан аракет менен өнүккөн өлкөлөрдө күйүүчү майдын кымбаттоосун токтотуп, бензин мурдагы баасына түшкөн учурлар болгон. Бул демилгени адистер дагы колдошууда. Алардын айтымында, мунай затын саткан компаниялар ансыз дагы ири пайда таап жатышат. Андыктан аларда бааны түшүрүү мүмкүнчүлүгү бар.