Изделип жаткан куралчандар Казакстандын жарандары (видео)

920

Бишкекте милицияга тапанча такап, граната жардырабыз деп коркуткан белгисиз топ изделдүүдө. Учурда борбор калаада аларды кармоо боюнча операция жүрүп жатат. Качып кеткендер террордук топ болушу мүмкүн деген шектенүүлөр бар. Шаардык милициядан кабарлашкандай, түндө саат бирлер чамасында Бишкектин Ауэзов көчөсүндө Патрулдук милиция кызматкерлери «Ниссан» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анын ичинде төрт адам болгон. Инспекторлор машинанын арт жагында отурган кишилер тарапка келгенде терезеден бирөө тапанча такаган. Милиция кызматкерлери унаа менен алардын жолун тоскондо дагы бирөө граната алып чыгып, жол ачылбаса баарын жардырып жиберерин айткан. Мындан улам тартип сакчылары кое берүүгө аргасыз болушкан. Кийинчерээк изделип жаткан унаа Көк-Жар конушундагы Кулмырзаев көчөсүнөн табылган.