Израиль полициясы Нетаньяхуга коррупция боюнча айып тагууну сунуш кылды

591

Израиль полициясы премьер-министр Беньямин Нетаньяхуга коррупция боюнча айып тагууну сунуш кылды. Укук короо органдары жүргүзгөн эки иликтөөнүн жүрүшүндө саясатчы ишкерлерди тымызын колдогону үчүн кымбат баалуу белектерди алып турганы аныкталган. Алардын баасы 10 миңдеген доллардан ашаары айтылат.

Полициянын версиясына ылайык Нетаньяху «Едиот Ахронот» гезитин чыгарган Арнон Мозес менен келишим түзүүгө аракеттенген. Премьер-министр өзү жөнүндө “жакшы маанайдагы” макалалардын акысына басылманын башкы атаандашы «Исраэл Хайом» гезити менен күрөштө колдоо көрсөтүүнү сунуш кылган.

Күн мурун Нетаньяху Израилдин жарандарына кайрылып, эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барбаганын билдирген.

Былтыр декабрда жыйырма миңге жакын израилдиктер Тель-Авивдеги коррупцияга каршы демонстрацияга чыккан. Алар мамлекеттик кызматкерлерге тагылган айыпты коомчулукка жарыялап, прокуратурага сунуш кылууга тыюу салган мыйзамдарга нааразы экенин билдиришкен.