Ж. Абдрахманов тууралуу даректүү тасма (видео)

1414

Биринчи дүйнөлүк согуш, Үркүн, совет бийлигинин орношу жана репрессия курмандыктары. Мунун баары мамлекеттик саясий ишмер Жусуп Абдрахманов жөнүндө даректүү тасмада чагылдырылган. Кечээ аталган тасманын бет ачары болуп, ал тар чөйрөдө көрсөтүлдү.

Фильмдин сценарийин журналист Бакыт Орунбеков жазса, режиссерлукту Эрнест Абдыжапаров аркалаган. Чыгармачыл топ даректүү тасманы жаратуу үчүн 1 жылдан ашык бир нече өлкөдөн архив документтерди чогултушкан. Кыргызстандын союздук жумурият макамын алышына өзгөчө салым кошкон инсан.