Ж. Акаев Жеңиш Разаковду митингге чыккандардан кечирим сурашын талап кылды

3826

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча митингге чыккандардан тез арада кечирим сурашын талап кылды. Эл өкүлүнүн айтымында, бул кадамга барбаса аткаминер же сот алдында жооп бериши керек, же кызматын тапшырып бериши керек.

Эске салсак, Разаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып 15-январдагы Бишкектеги митинг акча менен уюштурулган деп эсептерин айткан болчу. Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү, Көк-Ташта кармалгандарды бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өткөн. Анда чыккандар бийликке 6 талап коюп жатышканын, арасында Разаковду кызматтан алуу талабы да бар экенин билдиришкен болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.