Ж. Акаевге кайтарылган мандат. Т. Оргалчанын клиби (видео)

3246

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык административдик сотунун чечимне каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди. Алар административдик соттун чыгарган чечими менен макул эмес.

Кечээ күнү фемида өкүлдөрү «Альянс» партиясынын арызын канааттандырып, гендердик квота боюнча БШКнын токтомун мыйзамсыз деп тапкан. Муну менен Токтобүбү Оргалчага мандат берүү боюнча БШКнын чечими жокко чыкты. Башкача айтканда, депутаттык мандат эми Жанар Акаевге берилиши керек.