Жааган кар коммуналдык жана жол кызматынын ишин оорлотту (видео)

3124

Бишкек — Ош жолунун айрым жерлеринде кардын калыңдыгы жарым метрге жеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, өлкөдөгү баардык ашууларда жолдорго муз тоңуп, тайгалак болууда.

Мындан улам адистер алыскы сапарларга зарылчылыгы жоктор жолго чыкпай турууларын өтүнүшүүдө. Борбор калаада болсо кардын кесепетин жоюуга 700дөн ашуун жумушчу чыгып, 29 атайын техника тартылган.