Жай тургунду аткан милиционер жазадан кутулабы? (видео)

904

Кызматтык куралдан жай тургунга ок чыгарган милиционер иштен четтетилди. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусундагы жаңжал 22-декабрда катталган.

Маалыматтар боюнча, мас абалында жүргөн тартип сакчылар жай тургун менен араздаша кетип, бирөөсү Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен атууга аракет кылган. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Бирок эмнегедир бул факты боюнча, «бейбаштык» беренеси менен гана иш козголгон.