Жайкы эс алуу үчүн жарым миллион сом алган депутат (видео)

579

Депутаттардын эмгек өргүүсү үчүн алган акчасы коомчулуктун төбө чачын тик тургузду. Буга чейин журналист Турат Акимов ар бир эл өкүлү жарым миллион сом алып эс алууга кеткенин жазып чыккан.

Жогорку Кеңештин аппараты бул маалыматты четке какты. Бирок депутаттар эмгек өргүүсү үчүн канча сомдон алганын ачыктаган жок. Мындан улам НТСтин кабарчысы Рахат Жаныбекова айрым депутаттарга суроо салып корду. Чынында эле эл өкүлдөрүнүн алган айлыктары оңой эмес экен.