Жайкы туристтик сезон үзгүлтүккө учурабайт (видео)

2081

Жайкы туристтик сезондо чет өлкөлүк эс алуучулар үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыгууда. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти. Былтыр пандемияга байланыштуу саякатчылар кабыл алынбай, жайкы эс алуу сезону үзгүлтүккө учураган.

2019-жылы өлкөгө сырттан 8,5 миллиондой турист келсе, былтыр бул көрсөткүч 2 миллионго дагы жетпей калган. Быйыл болсо пандемиянын шартында эс алуучуларды тартуу үчүн аракеттер көрүлүүдө.