Жайлоодо кара аюунун мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылды

834

Чүй областынын Кемин районундагы Боо-Карагай жайлоосунда кызыл китепке кирген кара аюунун мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылды.

Интернетте тараган видеого ылайык, анын сөөгүн эртең менен тоого мал айдап чыккан малчылар таап алышкан. Алар дароо аймактагы егерлерге жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине билдиришкен.

Малчылардын айтымында, кара аюуга карышкырлардын үйүрү кол салып, аны талап салышкан.