Жайыл районунда 2 террорист өлтүрүлүп, бирөө колго түшүрүлдү (видео)

923

Чүй областынын Жайыл районундагы антитеррордук операциянын натыйжасында 2 террорист өлтүрүлүп, бирөө жарадар болуп колго түшүрүлдү. Алар колго түшүп берүү талабына, ок чыгаруу менен жооп беришкен. Улуттук коопсуздук комитети кабарлагандай, жок кылынган шектүү адамдар Эгемендүүлүк майрамы күнү террордук кол салууга даярданып жатышкан. Алар буга чейин Патрулдук милицияны тапанча жана граната менен коркутуп, качып кеткен топтун өкүлдөрү болчу. Бул экстремисттик топтун дагы бир мүчөсү кечээ колго түшүрүлүп, анын жанынан курал-жарак табылган болчу. Мындан тышкары, бул террористтик топко көмөк көрсөткөн деген шек менен дагы 2 адам кармалып, алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.