Жайыл районунда 22 жаштагы айдоочу 11 жаштагы окуучуну коюп кеткен

713

Жайыл районундагы Ново-Николаевка мектебинин директору 11 жаштагы баланы автоунаа коюп кеткен окуядан кийин иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мектептин жетекчиси 5-класстын окуучуларын практикага тартуу боюнча буйрук чыгарганы үчүн бала мектепке келе жатып, жолдо кырсыктап каза тапкан. Кырсык Бишкек — Чалдовар жолунда катталган. Анда 22 жаштагы айдоочу «Honda Fit» автоунаасы менен келе жатып, 11 жаштагы окуучуну койдуруп кеткен.

Милициянын айтымына караганда, бала жолго чуркап чыга калган. Жол кырсыгы боюнча факты кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.