Жайыл районунда Энелер күнү белгиленди (видео)

2411

“Даанышман инсандар” коомдук фонду Энелер күнүнүн урматына бул уюумга кирген айымдарды сыйлады. Атайын уюштурулган иш-чарага республиканын бардык аймактарынан келген өкүлдөр катышышты. Алар өз кесибинде чоң ийигиликтерге жеткен айымдар. Арасында аталган коомдук фонддун ишмердүүлүгүндө активдүү катышкан пенсиядагы энелер дагы бар. Иш-чарага чакырылган бардык 80 аялга Энелер күнүнө карата «Даанышман инсандар», «Улукман» жана «Эл сыймыгы» төш белгилери тапшырылды. Сыйлоо аземи шаңдуу майрамдык концерт менен коштолуп, сый-урматка татыган айымдарга көңүлдүү маанай тартууланды.