Жайыл РИИБдин жетекчисинин орун басары пара алып жатканда колго түштү

664

Чүй областынын Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу милициядагы ишенимдүү булактар билдиришти.

Ага ылайык, кармоо иштерин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен Ички иштер министрлигинин ички тергөө кызматынын өкүлдөрү бирге ишке ашырышкан.

Маалыматтарга караганда, шектүү 35 миң сом талап кылып, аны алып жатканда колго түшкөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.