Жакында ички каттамдарда учак жок болуп калышы мүмкүн (видео)

765

Жаңы жылдан кийин ички жана тышкы авиакаттамдарды аткарууда көйгөйлөр жаралышы күтүлүүдө. Себеби жүргүнчү ташыган авиакомпаниялардын бири жабылганы турат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов парламенттин тармактык комитетинде билдирди. Анда 100 % акциясы мамлекетке тиешелүү болгон «Эйр Кыргызстан» ишканасынын абалы талкууланды.

Бүгүнкү күндө бул компаниянын абалы оор экенин аткаминерлер да жашырышкан жок. Жалпы карызы 2,5 миллион долларды түзгөн ишкананын жалгыз эле учагы бар. Бирок ал дагы бузулуп турат. Ал эми ижарага берилип кеткен учактан түшкөн акча болсо, кредиттердин үстөгүн төлөөгө жумшалат экен.