Жакында унааны өлкөгө алып кирүүнүн баасы кымбаттайт (видео)

11419

Чет өлкөдөн ташылып келген унааларды тариздөөнүн жеңилдетилген мөөнөтүн бүтөрүүнө 4 күн калды. Жаңырган жылдан тарта автомашинаны өлкө ичине алып кирүүнүн баасы кескин кымбаттайт. Буга байланыштуу учурда бажы өтмөктөрүндө кезек күткүндөрдүн саны арбыган.

Анткени алардын бардыгы тең 2020-жылга чейин унааларын бажы тариздөөдөн эртерээк өткөрүп алууга шашылышууда. Ишкерлердин көбү жаңы жылдан тарта темир тулпарлар кымбаттайт десе, айрымдары буга макул эмес. Анткени акыркы айларда чет өлкөдөн ташылган автомашиналар базарларга батпай жатыптыр.