Жакынкы күндөрү Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келет (видео)

1254

Жакынкы күндөрү Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келет. Бул тууралуу анын өкүлү Ислам Каргабаев маалымат жыйынында билдирди. Анда мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун 2017-жылы шайлоо маалында Ошто Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча өткөрүлгөн төрт экспертизанын жыйынтыктары дагы айтылды.

Көз карандысыз эксперттер Өмүрбек Бабановдун сөздөрүнөң улуттук кастыкты козуткан, өлкөнү басып алууга чакырыктарды табышкан эмес. Андыктан мурдагы депутатка карата саясий максатта кылмыш иши козголгону далилденди, дейт Бабановдун өкүлү. Экспертиза жүргүзгөн филолог, политологтордун айрымдары акыйкат бүтүм чыгарганы үчүн куугунтукка кабылып, иштеринен айдалышкан.