Жакыр жашагандарга 100 миңге чейин жардам берилеби? (видео)

941

Жакыр жашагандарга 100 миң сомго чейин жардам берилиши мүмкүн. Бирок үй-бүлө ал акчага жеке чарбасындагы ишин жөнгө салып же чакан бизнес ачышы керек. Социалдык төлөм бир гана жолу берилет.

Учурда мындай маңыздагы токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. 100 миң сом өлчөмүндөгү акча берилерден мурда социалдык келишимге кол коюлуп, каражатты белгилүү бир милдеттенмелердин негизинде пайдаланышы керек деген талап коюлат.