Жакыр жашагандарга свет арзандаганы менен, ишкерлерге кымбаттайт (видео)

1889

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясы үчүн тариф арзандаса, ишканалардыкы тескерисинче кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда бул мекеме ишканаларга 1 кВт энергияны 2 сом 52 тыйындын ордуна 3 сом 40 тыйындан сатууну сунуштоодо.

Ортодогу каражат мамлекет тарабынан чыгымдалган субсидияны жабууга кетет экен. Ал эми жакыр жашаган үй-бүлөлөргө тариф 50 тыйын деп каралганы менен ага дагы чектөө коюлган. Анда да 700 киловаттан ашык керектеген абонент жарык үчүн кайра эле 2 сом 16 тыйындан төлөөгө милдеттүү.