Жалал-Абад: мас балдар милиционерлерди сабап салды (видео)

1244

Тойго келип, бирок майрамдын аягында абакка камалышты. Жалал-Абад шаарынында, үйлөнүү тоюна келген жоро-жолдоштор ичип алышып, өз ара мушташа кетишкен. Анысы аз келгенсип, тартип орноткону келген милиционерлерди ур-токмокко алышып, алардын кызматтык унаасын талкалап салышкан. Тополоң салгандарга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Эми алардын эң жеңил жаза алганы коомдук ишке тартылуу менен кутулса, милицияга кол көтөргөндөр 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.