Жалал-Абад областына коронавирусту аныктоочу көчмө лаборатория жеткирилет

1768

Жалал-Абад областына коронавирусту аныктоочу лаборатория жеткирилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров «Азаттыкка» маек куруп жатып билдирди. Анын айтуусунда, аталган жабдуу көчмө лабораториянын ролун аткарат.

Өкмөт өкүлү Сузакка барып, райондогу коомдук-саясий кырдаал менен таанышып, коронавирус табылган 3 кишинин кичи мекени Мундуз, Орто-Азия жана Бостон айылдарын кыдырган. Жергиликтүү элге жугуштуу вирус жана анын алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Маалыматтарга караганда, Сузак районунун эли киргизилген убактылуу чектөөгө түшүнүү менен мамиле кылып, тиешелүү талаптарга баш ийишүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.