Жалал-Абад областындагы жол кырсыгында 5 адам набыт болду

88

Кырсык кечээ күнү саат 11лер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 423-чакырымында болгон. Анда “Вольво” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа менен “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автомашина кагылышкан. Мунун кесепетинен Хонда-Фитте отурган 2 эркек жана 3 аял курман болгон.

Маалыматтарга караганда, набыт болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Бул окуя боюнча Ички иштер министрлигинин ыкчам тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле, Жалал-Абад областынын Ноокен районунда КамАЗ менен «Mercedes Benz Sprinter» кагышып, анын кесепетинен Спринтердин 44 жаштагы айдоочусу кырсык болгон жерде каза болгон. Ал эми КамАЗ жүк ташуучу автоунаасынын 33 жаштагы айдоочусунун буту сынып, шаардык ооруканага жеткирилди.

comments powered by HyperComments