Жалал-Абад обласында катуу сабалган наристе чарчап калды

593

Сузакта сабалган наристе чарчап калды. 2 жумадан бери эсине келбей оор абалда Жалал-Абад областтык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жаштагы Альбина өзүнө келген эмес.

Маалыматтар боюнча, кыздын сөөгүн туугандары алып кеткен. Катуу сабалган наристе Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан алынып келген. Дарыгерлер кыздын денесинде көгала тактар бар экенин айтышып, Укук коргоо органдарына кабарлашкан.

Сузак райондук милициясы бул ишти жабыркаган бөбөктүн жакындарынын көрсөтмөсү боюнча алгач кокустук фактысы катары Бирдиктүү реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган. Кийин «Денесине анча оор эмес залал келтирүү» беренесинин негизинде иш козголгон.

Жабыркаган наристенин апасы күйөөсү менен ажырашып, Россияга иштегени кеткен. Ал эми кичинекей кызды 4 айдан бери апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.